Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры 55-чыгармачылык сезонун салтанаттуу түрдө ачып, театр сүйүүчүлөрүнө жаңы спектаклдерин тартуулады.
Театрдын ар бир жаңы сезонун мекемеге ысымы ыйгарылган көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Султан Ибраимовдун туулган күнүндө ачуу салтка айланган. Салтанаттуу иш-чарада театр жамаатын жана көрүүчүлөрдү театрдын директору Керимбек Калыкулов жана көркөм жетекчи Уланмырза Карыпбаев куттукташты.
Өз сөзүндө театр жетекчилери жаңы сезондун репертуардык саясаты жана алдыдагы чыгармачылык пландар тууралуу маалымат беришти.
Алардын катарында театр режиссёру жана педагог Адылбек Дыйканбаевдин 90 жылдыгына, режиссёр Искендер Рыскулов менен актёр Бектен Абдылдаевдин 85 жылдыгына, ошондой эле көрүнүктүү жазуучу жана драматург Мырза Гапаровдун 90 жылдыгына арналган иш-чаралар өткөрүлөт.
Салтанаттуу ачылыштын соңунда казак классиги Магжан Жумабаевдин чыгармасынын негизинде сахналаштырылган «Күнөө» спектакли көрүүчүлөргө тартууланды.



