Бишкекте ЖМК жана санариптик медиада коррупция темасын чагылдырууга арналган республикалык семинар өтүүдө.
Иш-чарада маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков мамлекеттик тилде так, сапаттуу жана жоопкерчиликтүү маалымат таратуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Анын айтымында, журналисттердин, блогерлердин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын коомдук пикирди калыптандыруудагы ролу чоң. Айрыкча коррупция жана мыйзам бузуулар тууралуу маалымат берүүдө объективдүүлүккө жана тең салмактуулукка өзгөчө көңүл буруу зарыл.
Ошондой эле мамлекеттик органдар маалыматтын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга тийиш экени айтылды. Семинар мамлекеттик органдар менен медиакоомчулуктун кызматташтыгын күчөтүүгө багытталган.




