Башкы беткеМаданиятАдабий каарман жана мезгил. «Тоо арасында» романындагы Ыманбайдын образы жана «ыманбайчылык» маселеси

Адабий каарман жана мезгил. «Тоо арасында» романындагы Ыманбайдын образы жана «ыманбайчылык» маселеси

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин классикалык адабий жана эпикалык мурастарды кеңири жайылтууга, жаштарда туруктуу руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарды, жарандык жоопкерчиликти калыптандырууга жана улуттук өзгөчөлүктү бекемдөөгө багытталган мамлекеттик социалдык буюртмасынын «Кыргыз адабиятынын каармандарынын образдарын чагылдыруу» долбоорунун алкагында Т.Сыдыкбековдун “Тоо арасында” романындагы Ыманбайдын образы жана ыманбайчылык  тууралуу сөз кылсакпы деп турабыз.

Улуттук адабиятыбыздын патриархтарынын бири, жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун “Тоо арасында” романы – кыргыз совет адабиятындагы соцреализмдин классикалык үлгүлөрүнөн. Чыгарма алгач 1937–1938-жылдары «Кең-Суу» деген аталыш менен жарык көргөн. Кийинчирээк толукталып жазылып, 1955-жылы «Тоо арасында» деген аталышта кайра басылган.

«Тоо арасында» романы бардык ийгилик-кемчиликтерине жана соцреализмдин духунда жазылганына карабастан, абдан ийгиликтүү чыккан. Чыгарма өткөн кылымдын жыйырманчы жылдарынын аягы – отузунчу жылдарынын башындагы тарыхый окуяларды кеңири камтып, кыргыз айылынын турмушундагы бурулуш мезгил, социалисттик кайра куруулар, коллективдештирүү жараяны, таптык күрөш, салттуу жашоо менен жаңы коомдук түзүлүштүн карама-каршылыктары, адам тагдыры жана коомдук аң-сезимдин өзгөрүшү көркөм сүрөттөлөт. Роман көчмөн турмуштан отурушкан жашоо образына өткөн, андан калса феодалдык түзүлүштөн социализмге аттаган тарыхый доордун өзгөчөлүктөрүн, эски менен жаңынын кагылышын, советтик бийликтин жеңишин реалдуу жана көркөм сүрөттөгөн эпикалык чыгарма болгону менен баалуу.

Романда ошол тарыхый өткөөл мезгилдин коомдук-саясий жана социалдык карама-каршылыктары, элдин жаңы коомдук түзүлүшкө карата мамилеси, кеңеш өкмөтүн кабыл ала албай же аны жерий албай, эки анжы абалда калган адамдардын ички дүйнөсүндөгү психологиялык толгонуулары, алардын күнүмдүк тиричилиги, кулк-мүнөзү жана дүйнө таанымы ар түрдүү образдар аркылуу кеңири ачылат. Жазуучу доордун татаал жана карама-каршылыктуу көрүнүштөрүн адам тагдыры менен айкалыштырып, адамдардын ички дүйнөсүндөгү өзгөрүүлөрдү, коомдук жаңылануунун таасирин жана жаңы турмушка көнүү процессин ишенимдүү берүүгө умтулат.

Оболу, “Тоо арасында” романында сүрөттөлгөн коллективдештирүү мезгили тууралуу. Совет бийлиги 1920-жылдардын аягы менен 1930-жылдардын башында айыл чарбасын коллективдештирүү саясатын жүргүзө баштаган. Жеке чарбаларды колхоздорго бириктирүү, айыл чарбасын мамлекеттик башкарууга өткөрүү, бай-манаптык катмарды жоюу сыяктуу чаралар кыргыз айылындагы салттуу коомдук мамилелердин өзгөрүшүнө алып келген.

Кыргызстандын шартында бул жараян өзгөчө татаал мүнөзгө ээ болгон. Коллективдештирүү менен катар элди отурукташтыруу жараяны да жүргөн. Натыйжада кыргыз айылынын кылымдардан бери калыптанган турмуш-тиричилиги өзгөрүүгө дуушар болгон.

Бул өзгөрүүлөр бир жактуу жана жеңил өткөн эмес. Жаңы чарбалык түзүлүштү кабыл алуу, мал-мүлктү коллективдүү чарбага өткөрүү, эски коомдук мамилелерден баш тартуу эл арасында ар кандай көз караштарды жараткан. Бирөөлөр жаңы коомдук түзүлүштү колдосо, башкалары ага каршылык көрсөткөн. Коомдогу мындай карама-каршылыктар адамдардын жеке мамилелерине чейин жеткен.

Бирок чыгарманын темасы коллективдештирүү жөнүндө гана эмес, өзгөрүп жаткан коомдогу адамдын орду жөнүндө. Коом өзгөргөн сайын адам да тандоого туш болот: эски түшүнүктөргө таянабы же жаңы турмушка ыңгайлашабы? Жеке кызыкчылык менен коомдук талап кагылышкан учурда адам кандай жолду тандайт? Мына ушул суроолор романдын мазмунун тереңдетет. Чыгарманын көркөм баалуулугу — тарыхый процессти адамдык тагдырлар, турмуштук карама-каршылыктар жана айылдын күнүмдүк жашоосу аркылуу көрсөтө алгандыгында.

Жазуучу окуяларды каармандардын тагдыры аркылуу берип, коомдук өзгөрүү жеке адамдан тышкары өтүп кетпей турганын көрсөтөт. Тарыхый доор адамдын мүнөзүн, көз карашын, чечимин сыноого салат.

«Тоо арасында» романындагы сюжет бир гана адамдын жеке турмушуна негизделбейт. Анын окуялык өзөгүндө бир айылдын бүтүндөй коомдук жашоосундагы өзгөрүүлөр турат. Чыгармадагы окуялар бири-бири менен байланышып, эски жана жаңы түшүнүктөрдүн карама-каршылыгын улам күчөтүп турат. Композициялык жактан романдын маанилүү өзгөчөлүгү — жеке тагдыр менен коомдук турмуштун бир бүтүндүктө берилүүсү. Каармандардын ар бир кадамы белгилүү бир тарыхый шарт менен байланышта көрсөтүлөт.

Табият көрүнүштөрү да чыгарманын эмоционалдык атмосферасын түзүүгө көмөктөшөт. Тоо, жайлоо, айыл, талаа сыяктуу мейкиндиктер кыргыз элинин салттуу жашоо образы менен байланышта берилет.

Айрыкча «тоонун» образы чыгарманын аталышы менен идеялык-көркөм мазмунун байланыштырган маанилүү элемент. Ошондуктан чыгармадагы «тоо» образынын өзүн да символдук мааниде кабыл алууга болот. Тоо — бир жагынан кыргыз элинин салттуу жашоо мейкиндиги болсо, экинчи жагынан өзгөрүүлөрдү башынан өткөрүп жаткан коомдун кеңири көркөм мейкиндиги катары көрүнөт.

Романдагы негизги конфликттердин бири — эски коомдук мамилелер менен жаңы коомдук түзүлүштүн ортосундагы карама-каршылык.

Бул чоң коомдук конфликт каармандардын жеке мамилелеринен да көрүнөт. Мында конфликтти «оң каарман”, “терс каарман» деген жөнөкөй схема менен гана түшүндүрүү туура эмес. Ар бир каармандын коомдогу орду, кызыкчылыгы, дүйнө таанымы жана тарыхый шарттары анын аракеттерине таасир этет. Ошондуктан романдагы конфликттерди ошол доордун татаал коомдук процесстери менен бирдикте кароо зарыл.

Романдагы каармандар системасы кыргыз айылынын социалдык курамын жана ошол мезгилдеги коомдук пикирлердин ар түрдүүлүгүн чагылдырууга кызмат кылат. Каармандардын айрымдары жаңы коомдук түзүлүштү жактап, өзгөрүүлөрдү ишке ашырууга аракет кылса, башкалары эски тартипти сактоого умтулат. Дагы бир топ каармандар болсо коомдогу өзгөрүүлөрдүн ортосунда калып, өз позициясын аныктоого аргасыз болушат.

Мындай образдар аркылуу жазуучу тарыхый өзгөрүүнүн коомдогу бардык адамдарга бирдей таасир этпегенин көрсөтөт. Бирөө үчүн жаңы мезгил — мүмкүнчүлүк болсо, экинчи бирөө үчүн көнүп калган дүйнөнүн кыйрашы катары кабыл алынат.

Эми романдагы каармандарга келсек, чыгармада Сапарбай, Самтыр, Соке абышка, Саадат, Шаршен, Шоорук, Курман, Матай, Өскөнбай, Ыманбай баштаган ондогон “оң” жана “терс” каармандар  бар. Эсил кайран соцреализм методу каармандарды оң жана терс деп экиге ылгаган эмеспи, ошондон улам шарттуу түрдө биз да оң жана терс каармандар деген болдук. Арийне, бүгүн биз сөз кыла турган каарманыбыз – оң да, терс да каарман деп так кесер айтууга мүмкүн болбогон айтылуу Ыманбай. “Эсеби маселен”, эмнеге дегенде ага “Ыманбай — окурмандардын сүймөнчүлүгүнө айланган уникалдуу образ. Орто жаштагы Ыйманбайдын баладай баёолугу, катуурак айтканда аңкоолугу, караңгылыгы, шашмалыгы, “чудактыгы”, ишенчээктиги, ал тургай терс деген сапаттары менен да окурманды жипсиз байлап алат. Анын образына келгенде китеп тиктеп отурган киши эрксизден жылмайып, апендичилигине аргасыз күлөт. Кээде терс сапаттарына баш чайкайт. Адабиятчылар буга “өзүнүн мисалында ошол доордогу кыргыз букарасынын турмуш жолун чагылдыруусу жагынан Ыманбай улуттук адабиятта жаратылган алгачкы “элдик тип” деп айтууга болот” деген баасын беришкен. Бул мааниде Ыманбайдын образы жеке романдагы эмес, бүткүл кыргыз адабиятындагы орундуу табылгалардын бири. Анын образында комедиялык жана трагедиялык касиет-белгилери эриш-аркак. Кейипкердин иш-аракети жана кулк-мүнөзү канчалык комедиялуу болсо, жашаган шарт-жагдайы, иштеринин натыйжасы ошончолук трагедиялуу. Муну адабиятчылар бизге чейин эле белгилеп келишкен.

Анын уктаса да түшүндө колдонгон “эсеби маселен” сөзү азыркы кыргыз тилинин лексикасына кирип, эл арасында колдонуп калган сөздөрдөн”

(https://sputnik.kg/20160611/1026424761.html – А.Муратов).

Ыманбай жазуучунун өзүнүн да сүймөнчүк каарманы болгон. 1980-жылдары Т.Сыдыкбековдун “Ыманбайдын пейили” романы жарык көрүп, анда “Тоо арасында” чыгармасындагы негизги каармандарынын бири Ыманбайдын кийинки турмушу баяндалган.

Адабиятчы Кеңешбек Асаналиев “Романы Тугелбая Сыдыкбекова”, “Кыргыз совет прозасынын очерки” деген китептеринде Ыманбайдын образына ар тараптуу талдоо жасаган. Ал эми адабиятчы Камбаралы Бобулов “Ыманбай жана кээ бир зыяндуу “ата салттар” деген көлөмдүү макаласында, Ыманбайдын образын орус жазуучусу И.Гончаровдун “Обломов” романындагы курулай кыялданып, бирок эч кандай аракет кылбаган, жоопкерчиликтен качкан, жалкоо жана пассивдүү адамдардын жүрүм-турумун (же бүтүндөй коомдук катмардын абалын) чагылдырган Обломовдун образы менен салыштырып, орустарда “обломовщина” – бул адабий жана социалдык-психологиялык термин болгондой эле, “ыманбайчылык” деген адамдардын социалдык-психологиялык тиби деген аныктама берген.

Жазуучу Т.Сыдыкбеков адабиятчы Камбаралы Бобулов менен маегинде: “Кең-Сууну” жазууга мага баарынан мурда Ымакемдин өзү түрткү болду. Ыманбайды да, Сапарбайды да, Бердибайды да, Сокени да, Калпакбайүптү да, айтор, романда каарман болгон кейипкерлерди мен жаш кезимен эле өз айылымдан көрүп жүрчүмүн. А тургай, “Кең-Суудагы” кейипкерлердин көпчүлүгү өз аттары менен аталат. Аттары мындай турсун, Соке абышканын өзү аталашыбыз Сооданбак деген кишиге окшойт. Анын кашаң торусу – Сооданбектин кашаң торусу. Ыманбайдын өз аты да, кейип-кешпири да, кыялы да, Бүбүсү да, Айсараласы да, ал тургай эшигинин алдына үйүп койгон сербейген куурайы, жапма челек бозосуна дейре өзү. Мен романды жазып жатканда күүлөнгөн Ымакемдин бөрсөйгөн курсагы көз алдыма көрүнүп туручу”– деп айтканы белгилүү.

Чыңгыз Айтматов Түгөлбай Сыдыкбековдун 50 жылдыгына карата “Тоо бөксөрбөйт” деген макаласында (“Литературная газета”, 6-октябрь, 1962-жыл): “кыргыз эли эми гана отурукташып, жаңыдан эле сабатын ачканга киришкен, кырчындай жапжаш Сыдыкбеков үлкөн роман жазганга белсене баштайт. Бир саамга өзүмдү анын ордуна коюп, ойлонуп көрсөм жүрөк опкоолжуйт: жок, буга менин батымым жетмек эмес…” дегени эсибизде.

Жазуучунун “Тоо арасында” романы менен “Ыманбай пейилиндеги” Ыманбай эки башка Ыманбай. Бирок, бул Ыманбайлар бири-биринен обочолонуп турбайт, тескерисинче бири-бирин толуктап турат.

Ыманбай — коомдук системалардын алмашуу доорундагы кыргыз дыйканынын, карапайым эмгекчинин типтүү өкүлү. Ал совет бийлигинин алгачкы жылдарындагы айылдагы татаал кырдаалда, коллективдештирүү жана калыбына келтирүү процесстеринде өз ордун табууга умтулган инсан. Ыманбайдын башкы касиеттеринин бири — анын маңдай тери менен адал эмгекке болгон ишеними. Жер, жаратылыш жана айыл турмушу анын жашоосунун ажырагыс бөлүгү.

Заман жаңыланып, айылга жаңы тартиптер кире баштаганда, Ыманбай бир заматта эле бардыгын сокурларча кабыл алып кетпейт. Анын боюнда кылымдар бою калыптанган салттуу аң-сезим менен жаңы замандын талаптарынын ортосундагы ички күрөш бар. Автор каармандын ушул ички дилеммасын реалисттик боёктор менен ачып берет. Ар кандай социалдык топтордун, кулактар менен кедейлердин ортосундагы тартыштарда Ыманбай өзүнүн адамгерчилигин, калыстыгын жана абийирин жоготпоого тырышат.

Адабият таануу илиминде белгиленгендей, Ыманбай — эски коомдон жаңы коомго өтүү чегинде турган элеттик орто чарба / карапайым кыргыздын типтүү өкүлү. Ал жаңы доордун жаралышына дароо кубаныч менен кошулуп кеткен революциячыл баатыр да эмес (Жапар сыяктуу) же жаңы түзүлүшкө ачыктан-ачык кастык кылган бай-манап да эмес (Салымбек бай сыяктуу). Ыманбай — доордун эки отунун ортосунда калган, эскилик менен жаңылыктын тартышын өз тагдырында баштан кечирген катардагы адам.

Анын романдагы орду — өткөөл мезгилдеги карапайым калктын көпчүлүк бөлүгүнүн психологиялык абалын чагылдырууда турат. Т.Сыдыкбеков Ыманбайдын образын бир беткей (оң же терс) кылбай, реалисттик жана психологиялык жактан татаал мүнөздө ачкан.

Анын бейнеси романда бир нече багыт аркылуу ачылат. Адабиятчылар белгилегендей, Ыманбайдын бейнесинде салттуу көчмөн коомдон калган айрым терс психологиялык сапаттар — ич күйдүлүк, өз кызыкчылыгын ашыкча көздөө, жеке чарбасын баарынан жогору коюу, өзгөрүүлөргө карата шектенүү менен кароо таасын чагылдырылган.

Ыманбай үчүн өзүнүн жеке чарбасы, короодогу малы жана эгини — анын жашоосунун негизи. Коллективдештирүү учурунда анын жеке мүлкүн ортоктоштурууга болгон ички каршылыгы, «коомдук мүлк» деген түшүнүктү кабыл ала албай капалануусу абдан ишенимдүү сурөттөлөт.

Автор Ыманбайды катып калган образ катары көрсөтпөйт. Ал турмуштун сабактары, айылдагы окуялардын өнүгүшү аркылуу акырындык менен аң-сезимин өзгөртөт. Жакшы менен жаманды, адилеттүүлүк менен митаамчылыкты ажыратууда ал ички сыноолорду баштан өткөрөт.

Ыманбайдын образы кыргыз көркөм адабияты үчүн бир катар себептерден улам жогорку баага ээ. Советтик адабиятта каармандарды жалаң «оң» жана «терс» деп бөлүү тенденциясы күчтүү болгон. Т. Сыдыкбеков Ыманбайды тирүү адам катары — кемчилиги да, ички чыны да бар реалисттик мүнөздө жараткан. Жазуучу бул каарман аркылуу кыргыз элинин өткөн кылымдагы кулк-мүнөзүнүн, дүйнө таанымынын жана социалдык психологиясынын ички пласттарын кылдат сыпаттап берген. Ыманбай — жеке гана бир адамдын тагдыры эмес, тарыхый бурулуш доордогу бүтүндөй бир дыйкандар катмарынын көркөм жалпылаштырылган метафорасы.

Т. Сыдыкбеков Ыманбайдын образы аркылуу ошол кездеги карапайым элдин массалык психологиясын көрсөткөн.

Сүрөткер Ыманбайдын эволюциясы аркылуу кыргыз айылынын коллективдештирүү жолуна өтүүдөгү психологиялык даярдыгын, тоскоолдуктарды кантип жеңгенин ишенимдүү сүрөттөйт. Ыманбайдын жаңы турмушка, жамааттык эмгекке карай жасаган кадамы — ошол доордогу бүтүндөй бир муундун басып өткөн жолунун символу.

Автор Ыманбай аркылуу заман канчалык өзгөрбөсүн, катардагы карапайым адамдын ички дүйнөсү, анын менчикке, коомго жана адеп-ахлакка болгон мамилеси татаал жол менен калыптанарын көрсөтө алган. Ыманбай романдын көркөмдүк баалуулугун жогорулатып, эски менен жаңынын кагылышын реалдуу чагылдырган шедеврге айланткан.

Михаил Шолоховдун «Тынч Дон» (Тихий Дон) эпопеясындагы каармандардын, өзгөчө башкы каарман Григорий Мелехов менен Ыманбайдын ортосунда терең идеологиялык жана психологиялык окшоштуктар бар.

Эки каарман тең доорлордун кагылышында, социалдык жана саясий бурулуштарда ортодо калып, ички трагедияны башынан кечирген каармандардын тибине кирет.

Григорий Мелехов граждандык согуш маалында «актардын» да, «кызылдардын» да тарабында согушуп, эки тараптын тең ырайымсыздыгын көрүп, өз чындыгын таба албай кыйналат.

Ыманбай болсо эски каада-салт, уруулук түзүлүш менен жаңы орноп жаткан замандын (же эки доордун) кагылышында өзүнүн нөөмөтүн, багытын таба албай, моралдык да, социалдык да заңгыраган боштукка кабылат.

Шолохов да, Сыдыкбеков да өз каармандарына социалисттик реализмдин жөнөкөй («кара-ак») калыптарынан тышкары чыгып, улуттук жана адамдык психологизм тартуулашкан. Бул эки каарман тең XX кылымдагы советтик адабияттын калыптанган идеологиялык догмаларына батпай калган «адашкан, бирок өз чындыгын издеген» кайталангыс каармандардан. Социалисттик реализмдин башкы талабы каармандарды «таптык көз караш» менен так экиге бөлүп, революциячыл же идеализацияланган «ак» каармандарды жана аларга каршы «кара» душмандарды сүрөттөө болгон. Бирок М.Шолохов да, Т.Сыдыкбеков да бул идеологиялык тар калыпты бузуп өтүп, каармандарына саясий эмес, эң оболу инсандык, психологизмдик жана улуттук дух тартуулай алышкан.

Эми “Ыманбайчылык” тууралуу. Анын жашоо философиясы эмне? Ыманбай советтик адабияттагыдай «кулак» же «революционер» катары так бир тарапка өтүп согушпайт. Анын каршылыгы — курал менен эмес, ички духу, сабырдуулугу жана кошулбоосу (конформизмге барбоосу) аркылуу көрүнөт. «Ыманбайчылык — бул массалык психологияга, кургак ураандарга моюн сунбоо. Ал коомдогу сокур ишенимдерге аралашпай, өз чындыгын ичинде сактап калган пассивдүү, бирок терең моралдык каршылык».

Ыманбайчылыктын финалы — абсолюттук трагедия. Жаңы заман мындай «ортодо калган», чала жан идеяларга ишенбеген инсандарды сүрүп чыгарат. Натыйжада, ал айланасындагы адамдардан, жада калса туугандарынан обочолонуп, руханий жалгыздыкка кептелет. «Ыманбайчылык — ураандарды, идеяларды сокур ээрчиген коом сүрүп салган нарктуу инсандын трагедиясы. Ал эскиге да, жаңыга да бата албай, өз жеринде бөтөн болуп калган жалгыздыктын феномени».

«Жыйынтыктап айтканда, ыманбайчылык — бул жөн гана бир каармандын тагдыры эмес, тарыхый бурулуштарда өзүнүн улуттук иденттүүлүгүн, абийирин жана адамгерчилигин жоготуп алуудан корккон кыргыз инсанынын күжүрмөн психологиялык образы. Түгөлбай Сыдыкбеков Ыманбайдын образы аркылуу социалисттик реализмдин тар калыптарын бузуп, түбөлүктүү адамдык жана улуттук дөөлөттөрдү бийик койгон».

Ыманбайчылык менен улуттук менталитеттин байланышы — бул кыргыз элинин кылымдар бою калыптанган руханий дүйнө таанымынын тарыхый-социалдык силкинүүгө учурашы. Ыманбайдын образы аркылуу Түгөлбай Сыдыкбеков кыргыз менталитетинин эң башкы баалуулуктары жаңы саясий идеология менен кагылышканда кандай кризиске кабылганын ачып берген.

«Ыманбайчылык — бул кылымдар бою сакталып келген кыргыз улуттук менталитетинин жаңы саясий-идеологиялык сыноого туш болгондогу психологиялык абалы. Ыманбайдын образы аркылуу жазуучу советтик доордун башында улуттук нарк-насилдин, боорукердиктин жана жамааттык биримдиктин талкаланышын көрсөткөн. Демек, ыманбайчылыкты изилдөө — бул калыптанган улуттук менталитет менен сырттан таңууланган чоочун идеологиянын кагылышуусун изилдөө болуп саналат».

Ыманбай жана ыманбайчылык темасы «Эл эмне дейт?» деген суроого такалат. Т.Сыдыкбековдун биз сөз кылган романдарынын бизге берген сабагы ошол. Бул жөн гана күнүмдүк турмушта берилүүчү суроо эмес, бул терең философиялык, социалдык жана адеп-ахлактык (этикалык) маселе.

«Эл эмне дейт?» суроосу адамдын абийири менен коомдук адеп-ахлактын байланышын изилдейт. Адам жакшы ишти «чын эле туура» болгону үчүн кылабы же «эл жаман көрбөсүн» деп кылабы? Немис философу Иммануил Канттын окуусу боюнча, адам коомдон корккону үчүн эмес, өзүнүн ички моралдык мыйзамы боюнча жашашы керек.

Экзистенциалисттер (Жан-Поль Сартр, Мартин Хайдеггер, Альбер Камю) бул суроону абдан терең изилдеп, аны чыныгы жашоодон качуу катары баалашкан. Адам «эл эмне дейт?», «эл кандай жашаса, мен да ошондой жашайм» деп жашаганда, өзүнүн жеке «мендигин» жана жоопкерчилигин жоготот.

Чыгыш жана көчмөн элдерде «Эл эмне дейт?» — бул коомдук тартипти, улуттук нарк-насилди жана коомдогу балансты кармап турган негизги механизм болгон. Ал адамды чектен чыгуудан, мыйзамсыздыктан сактап турган «социалдык тормоз» катары кызмат кылган.

Демек, «Эл эмне дейт?» суроосу адамда “Мен өзүм үчүн жашаймбы же башкалардын мени кандай көргүсү келгени үчүн жашаймбы?” деген суроолорду жаратат. Адам ойго батат, изденет, кээде тарткынчыктайт, кээде изденет. Андай болгондо бул суроо философиялык изденүүсүнүн туу чокусу.

«Эл эмне дейт?» суроосу — кыргыз коомунда абдан терең тамыр алган, инсандын психологиясына жана турмуштук чечимдерине түздөн-түз таасир эткен социалдык-психологиялык феномен. Көчмөн коомдо жазылбаган мыйзамдар, уят жана намыс түшүнүгү дал ушул «элдин сөзү» аркылуу сакталып келген. Ал адамды чектен чыгуудан, кылмыш жасоодон, ата-энесин же жакындарын кароосуз калтыруудан, адепсиздикке баруудан токтотуп туруучу социалдык чыпка катары кызмат кылат. Бул суроо адамды коомдон бөлүнбөөгө, айылдаштары, уругу, эли менен тыгыз байланышта болууга чакырат. Кайгыда да, кубанычта да элдин батасы жана колдоосу маанилүү экенин эскертип турат. Үрп-адатты, улууну сыйлоону, меймандостукту жана улуттук каада-салттарды муундан муунга бузбай өткөрүүгө өбөлгө түзөт.

Бир сөз менен айтканда, «Эл эмне дейт?» — бул суроону ким, кандай деңгээлде кабыл алынганына жараша болот.

Эгерде ал адамга уят-сыйытты, моралдык чектерди жана адамгерчиликти эскертип турса — бул коомдун саламаттыгы үчүн пайдалуу курал. Ал эми инсандын эркиндигин, жеке өнүгүүсүн муунтуп, ашыкча моралдык-финансылык басымга айланса — бул тоскоолдук. Тең салмактуулук — өзүңдүн ички абийириң менен коомдук нарк-насилди айкалыштыра билүүдө.

«Тоо арасында» романы жана андагы Ыманбайдын образы — жөн гана советтик доордун сүрөттөлүшү эмес, улуттук аң-сезимдин, нарк-насилдин жана адам тагдырынын тарыхый бурулуштагы көркөм күзгүсү. Жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков соцреализмдин тар калыптарынан чыгып, эски менен жаңынын кагылышында калган карапайым кыргыз инсанынын ички трагедиясын жана «ыманбайчылык» феноменин терең ачып бере алган. Ыманбайдын тагдыры аркылуу көтөрүлгөн «Эл эмне дейт?» суроосу дагы да болсо улуттук менталитет менен жеке эркиндиктин, абийирдин ортосундагы тең салмактуулукту издеткен актуалдуу философия бойдон калууда. Андыктан, бул чыгарма ар бир доордо өз баалуулугун жоготпой, улуттук адабиятыбыздын урунттуу казынасы катары жашай берет.

 

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар