28-сентябрда оорудан кийин Кыргызстандын эл артисти, маданияттын эмгек сиңирген ишмери Тамара Кусеиновна Жаманбаева 83 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул маалыматты Акыйкатчынын институтунан тастыкташты.
Кыргызстандын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева маркумдун кызы.
Тамара Жаманбаева 1943-жылдын 14-майында Нарын шаарында төрөлгөн. Ал кыргыз телевидениесинин алгачкы туруктуу диктору болуп, 1975-жылга чейин «Акыркы жаңылыктар» программасын алып барган.
Журналисттик жана чыгармачылык эмгек жолун 1959-жылы 16 жашында Кыргыз мамлекеттик телерадио комитетинде диктор болуп иштөөдөн баштаган. 1959–1994-жылдары дикторлуктан тартып Мамлекеттик телерадио комитетинин программалар директоруна чейин көтөрүлгөн. Кийинчерээк бир жылга жакын Кыргызстандын Мамлекеттик телерадио комитетинин вице-президенти болуп эмгектенген.
Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, Тамара Жаманбаева 1959-жылы медициналык окуу жайын, ал эми 1968-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.
Ал СССРдин жана Кыргызстандын телевидение жана радиосунун отличниги болгон. Кыргыз ССР Жогорку Советинин жана Кыргызстандын президентинин Ардак грамоталары, «Даңк» медалы менен сыйланган. Ошондой эле Кыргызстандын Журналисттер союзунун мүчөсү болгон.
Кийинки жылдары Жаманбаева Кыргызстандын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) Байкоочу кеңешинин мүчөсү катары да ишмердүүлүгүн уланткан.
Маркум менен коштошуу зыйнаты 30-сентябрда саат 10:00дө А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт.
Дареги: Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 167.
