Башкы беткеМаданиятМахмуд Кашгари Барсканиге арналган туруктуу экспозиция ачылат

Махмуд Кашгари Барсканиге арналган туруктуу экспозиция ачылат

30-сентябрда Ысык-Көл облусундагы Курманжан Датка атындагы Көчмөн цивилизация борборунда улуу ойчул, тилчи жана окумуштуу Махмуд Кашгари Барсканиге арналган туруктуу экспозиция ачылат.

Министрликтен билдиргендей экспозициянын негизги бөлүгү XI кылымда жазылган «Дивану лугат ат-түрк» эмгегине арналат. Анда түрк элдеринин тили, тарыхы, географиясы, этнографиясы, салт-санаасы жана оозеки чыгармачылыгы тууралуу баалуу маалыматтар камтылган.

Көргөзмөдө окумуштуунун илимий мурасы жазма булактар, дүйнө картасы, археологиялык табылгалар жана мультимедиалык материалдар аркылуу тааныштырылат. Мындан тышкары, Өзгөн музейинин фондунан алынган Карахандар дооруна таандык түп нуска буюмдар коюлат.

Экспозиция Махмуд Кашгари Барсканинин өмүрү жана мурасы менен байланышкан Барскан аймагынын тарыхый-маданий маанисин кеңири таанытууга багытталган. Ошондой эле «Дивану лугат ат-түрк» эмгегинин түрк дүйнөсүнүн тарыхын, тилин жана маданиятын изилдөөдөгү ордун көрсөтөт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар