Башкы бетке∅Бишкекте №63 бала бакча капиталдык оңдоодон кийин ачылды

Бишкекте №63 бала бакча капиталдык оңдоодон кийин ачылды

Бишкектин Коммунаров көчөсүндөгү №63 бала бакча капиталдык оңдоодон жана жаңылоодон кийин кайрадан пайдаланууга берилди. Анын ачылышына 29-сентябрда шаар мэри Айбек Джунушалиев катышты.

Мэр бала бакчанын топтук жана уктоочу бөлмөлөрүн, ашканасын, медициналык кабинетин, музыкалык жана гимнастикалык залдарын, ошондой эле оюн аянтчаларын көрүп чыкты. Балдардын коопсуздугуна жана жүргүзүлгөн иштердин сапатына өзгөчө көңүл бурулду.

Бала бакчаны оңдоо иштерине 118 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 2 миң 304,8 чарчы метрди түзүп, 280 балага ылайыкталган. Жыйылып-жайылуучу керебеттерди колдонуу менен мекеме 500гө чейин бала кабыл ала алат.

Капиталдык оңдоонун жүрүшүндө ички жана тышкы жасалгалар, инженердик коммуникациялар толугу менен жаңыртылып, майыптыгы бар адамдар үчүн пандустар орнотулган. Аймакта 12 оюн аянтчасы курулуп, көрктөндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Буга чейин бала бакчанын имараты жеке менчикте болгон. 2024-жылы муниципалдык менчикке кайтарылып, 2025-жылы калыбына келтирүү жана жаңылоо иштери башталган.

Имараттын фасадындагы совет дооруна таандык эки мозаика анын тарыхый көрүнүшүн сактоо максатында калтырылды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар