“Ынтымак-Ордо” имаратында мамлекеттик органдардын жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өтүп, ишкерлерге коюлган уруксат берүүчү документтерди жана талаптарды кайра карап чыгуу маселеси талкууланды.
Министрлер кабинетинин төрагасынын 18-сентябрдагы №618 тескемесине ылайык, бул багытта ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн.
Анын негизги принциби — белгилүү бир талаптын же уруксат берүүчү документтин зарылдыгын мамлекеттик орган негиздеши керек. Башкача айтканда, ишкер анын ашыкча экенин далилдөөгө милдеттүү болбойт.
Мамлекеттик органдар бизнес-ассоциациялар менен биргеликте колдонулуп жаткан уруксат кагаздарын, маалымкаттарды жана макулдашууларды талдап, кайталанган жол-жоболорду аныкташат. Аларды жоюу боюнча сунуштар да даярдалат.
Жыйынтыгында ашыкча талаптарды алып салуу, уруксат берүүчү документтерди алуу мөөнөтүн кыскартуу, мурда берилген маалыматтарды кайра талап кылууну токтотуу жана ишкерлердин административдик жүгүн азайтуу пландалууда.
Бул иштер өлкөнүн бардык аймактарын, анын ичинде алыскы райондорду жана калктуу конуштарды камтыйт.



