23–25-октябрь күндөрү Бишкектеги Т. Усубалиев атындагы аянтта айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө карата «АгроТехЭкспо-2026» көргөзмөсү жана «Алтын күз» жарманкеси өтөт.
«Алтын күз» жарманкесине өлкөнүн бардык аймактарынан фермерлер жана ата мекендик өндүрүүчүлөр катышып, жашылча-жемиш, эт жана сүт азыктарын, бал, дан азыктарын, кайра иштетилген продукцияларды жана башка товарларды сунуштайт.
Ал эми «АгроТехЭкспо-2026» көргөзмөсүндө айыл чарба техникалары жана жабдуулары менен катар жаңы технологиялык чечимдер көрсөтүлөт. Алардын арасында жайыттарды жана айыл чарба жерлерин мониторингдөөчү мультиспектралдык дрон, дыйкандар үчүн санариптик жардамчы болгон iDiykan платформасы жана Кыргызстандын алгачкы спутнигинин макети бар.
Көргөзмөдө фермерлер iDiykan платформасынын мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып, катталуу жана колдонуу боюнча адистерден кеңеш ала алышат.
Мындан тышкары, асыл тукум мал жана балык чарбаларынын көргөзмөсү уюштурулат. Үч күндүк иш-чаранын алкагында маданий-оюн-зоок программалары да өткөрүлөт.
Иш-чара айыл чарба тармагындагы өндүрүүчүлөрдүн продукциясын, заманбап техникаларды жана жаңы технологияларды бир аянтчада тааныштыруу максатын көздөйт.



