Башкы беткеДүйнөТүштүк Кореяда төрөлгөн эгиз пандалар Кытайга кайтарылат

Түштүк Кореяда төрөлгөн эгиз пандалар Кытайга кайтарылат

Түштүк Кореяда төрөлгөн чоң панданын ургаачы эгиздери Жуйбао жана Хуэйбао Кытайга кайтарылат. Бул тууралуу «Эверленд» тематикалык паркы билдирди.

Жуйбао менен Хуэйбао 2023-жылдын 7-июлунда Түштүк Кореяда төрөлгөн. Учурда алар Сеулдун жанындагы «Эверленд» паркында жашап жатышат.

Парк билдиргендей, эгиз пандалар декабрдын үчүнчү жумасында Кытайга жөнөтүлөт.

Колдонулуп жаткан келишимдерге ылайык, Кытайдан тышкары жерде төрөлгөн чоң пандалар көбөйүү курагына жеткенге чейин, башкача айтканда төрт жашка толгонго чейин Кытайга кайтарылышы керек.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар