Башкы беткеМинистрлер кабинетиКант кызылчасынан мол түшүм алуу күтүлүүдө

Кант кызылчасынан мол түшүм алуу күтүлүүдө

Учурда өлкө боюнча кант кызылчасын жыйноо иштери активдүү жүрүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 2026-жылы бул өсүмдүк 11,8 миң гектар жерге айдалып, анын 4,1 миң гектарынан түшүм алынды. Бул жалпы айдоо аянтынын 34,7 пайызын түзөт. Өткөн жылы кант кызылчасы 13,4 миң гектарга эгилип, 538,9 миң тонна түшүм алынган. Орточо түшүмдүүлүк гектарына 401,9 центнерди түзгөн. Быйыл айдоо аянты 11,9 пайызга кыскарган.

Ошол эле учурда быйылкы аба ырайынын ыңгайлуу болушу жана агротехникалык иштердин өз убагында жүргүзүлүшү түшүмдүүлүктүн жогорулашына шарт түзүүдө. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, орточо түшүмдүүлүк гектарына 600 центнерге чейин жетип, жалпы түшүм 700–710 миң тоннаны түзүшү мүмкүн.

Күтүлүп жаткан жогорку түшүм ата мекендик кант өндүрүшүн жетиштүү чийки зат менен камсыз кылып, ички рыноктогу кантка болгон талапты жергиликтүү өндүрүштүн эсебинен жабууга шарт түзөт. Бул өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуудагы маанилүү багыттардын бири болуп саналат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар