Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстанда алма импортун 6 айга токтотуу сунушталууда

Кыргызстанда алма импортун 6 айга токтотуу сунушталууда

Айыл чарбасындагы ата мекендик өндүрүштү колдоо максатында Кыргызстанда алма импортун 6 айга убактылуу токтотуу сунушталууда.

Айыл чарба министрлиги тиешелүү токтомдун долбоорун даярдап жатат. Министрликтин маалыматына караганда, 2026-жылы өлкөдө болжол менен 179,4 миң тонна алма өндүрүлөт деп күтүлүүдө. Мөмө берип жаткан алма бактарынын жалпы аянты 26,3 миң гектарды түзөт.

Убактылуу чектөө ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн быйылкы түшүмүн өз убагында сатууга жана продукциянын коромжусун азайтууга шарт түзүү максатын көздөйт.

Министрлик алманын массалык жыйноо мезгилинде ички рыноктогу сунуш көбөйөрүн белгиледи. Ошондуктан түшүмдү уюшкандыкта өткөрүү жана калкты жеткиликтүү баада алма менен камсыз кылуу маанилүү экени айтылды.

Алма импортуна чектөө киргизүүнүн так мөөнөтү жана шарттары токтомдун долбоору каралып бүткөндөн кийин аныкталат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар