Ош шаарында жаңы №33 С. Алыкулов атындагы жалпы билим берүү мектеби пайдаланууга берилди.
Үч кабаттуу, эки блоктон турган мектеп 312 окуучуга ылайыкталган. Ал эки нөөмөттө 700гө жакын окуучуга билим алууга шарт түзөт. Имараттын жалпы аянты 3840 чарчы метрди түзөт.
Мектепте заманбап окуу класстары, спорт жана жыйындар залдары, лабораториялык, компьютердик, эмгек жана музыка кабинеттер, ошондой эле медициналык кабинет бар. Класстар заманбап эмеректер, эргономикалык парталар жана отургучтар менен жабдылган.
Мындан тышкары, имаратка заманбап инженердик коммуникациялар орнотулуп, окуучулар жана мугалимдер үчүн тиешелүү шарттар түзүлгөн.
Мектептин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган.
Жаңы мектептин ачылыш аземи 6-октябрда Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин онлайн катышуусунда өтүп, объект пайдаланууга берилди.



