Бул макалада айтыла турган айрым маселелер боюнча тарых илиминде ар кандай көз караштар бар. Мына ошол көз караштардын бири азыркы мезгилдеги белгилүү кытай окумуштуусу Ю Тайшанга таандык. Ал байыркы кытай жазма булактарына таянып, Кыргыз өлкөсү б.з.ч. 10-кылымда эле болгондугу жана ал кошуна элдер менен эл аралык мамилелерди жүргүзүп келгендигин белгилейт. Учурда аталган маалыматтын бизге кеңири белгилүү боло баштаганына 10 жылга чукулдап калды.
Албетте, бул маалыматты коомчулук ар кандай кабыл алууда. Алардын көпчүлүгү сыймыктануу менен кабыл алышса, айрымдары күмөн саноо менен мамиле кылууда. Бирок илимде акыркы сөздү эмоция эмес, далил айтат эмеспи, ошондуктан азырынча бир жактуу жыйынтык чыгаруу эртелик кыларын белгилейбиз.
Жогоруда аталган окумуштуунун табылгасына ылайык, кыргыз элинин, Кыргыз ээлигинин тарыхы дагы 8 кылымга ары жылып, кыргыздар эң байыркы элдердин бири экендиги дагы бир жолу тастыкталып жатат. Эске салсак, биз буга чейин Сыма Цяндын “Ши цзи” (“Тарыхый жазылмалар”) аттуу эмгегиндеги маалыматы боюнча Кыргыз ээлиги (Гэгунь / Цянькун) б.з.ч. III кылымдын аягында же б.з.ч. 201-жылы хунндардын шанүйү Модэ тарабынан каратылып алынгандыгы жана аталган окуяда кыргыз мамлекеттүүлүгү тууралуу тарыхый жазма булактарда эң алгачкы жолу эскерилген деп билип келгенбиз. Учурда жаңы табылгалар илимий айлампаларга кирүүдө, бул багытта атайын окумуштуулар тобу иштеп жатат. Буйруса жакынкы келечекте дагы ондогон жаңы ачылыштар болот деген чоң ишенимдебиз.
Көңүлгө ала турган жагдай, ээлик же мамлекеттин пайда болушунун өзү, анын артында көп кылымдык этностук калыптануу процесси жатканын эсибизден чыгарбашыбыз керек. Анткени эл – бир күндө жаралбайт. Эл болуп калыптануу үчүн жүздөгөн, кээ бир учурларда миңдеген жылдар талап кылынат. Бул талашсыз аныктама. Демек, санжырачылардын айткан маалыматтарында да чындыктын кандайдыр бир изи бар тура…
Мындан ары маселени так кароо үчүн биз “эл” деген сөздүн теориялык түшүндүрмөсүн чогуу карап алалы.
Бизге белгилүү болгон аныктамада: “Эл – тарыхый жактан калыптанган адамдардын социалдык жамааты. Аны бириктирип турган негизги белгилерине: жалпы тил, орток аймак, маданият, каада-салт, турмуш-тиричилик, тарыхый тагдыр жана өзүн бир бүтүн коом катары аңдап-сезүү кирет. Айрым учурларда элди бир мамлекетке таандык болуу аң-сезими да бириктириши мүмкүн, бирок мамлекет менен эл дайыма эле бирдей түшүнүктө эмес”, – деп берилет.
Биз бул жерге: “Эл – бул каны бир, бир тамырдан тараган жана бир тилде сүйлөгөн же бир аймакта жашаган адамдардын жыйындысы эле эмес, жалпы тарыхый эс-тутуму, руханий баалуулуктары, дүйнөтаанымы, келечекке болгон орток максаты жана бири-бирине таандыктык сезими бар адамдардын тобу”, – дегенди да кошкубуз келип жатат. Себеби, кыргыз эли тээ байыркы мезгилдерден бери эле башка элдер менен канатташ, танапташ жашап келген. Калканыч, коргоо, тирек издеп келгендерин көкүрөккө тепкен эмес, канатына калкалап, өздөй көрүшкөн. Жетим-жесирин батырып, энчи бөлүп берип, атасызына ата, жалгызына кубат берип, эл кылып: “Кыргыйдан качкан таранчы, карагандан калкыныч издейт. Биз караганча болбой калдыкпы?” деген таяным менен жашашкан. Анан да “алыскы туугандан, жакынкы кошуна артык” деп, кошунасын тууганынан жакын санаганын ким жашырат, ким билбейт.
Ооба, “беш кол тең эмес”, айрым учурларда, биз ошол “эли бөлөк, дини башка, дили башка, кайнаса каны кошулбайт” деп жерип келгендерден берилгендикти, мекенчилдикти көрүп келгендигибиз да төгүн эместир. Бекеринен Айкөл Манас атабыз: “Аргымак бактым, ат бактым, Аккуладай болгон жок. Азамат бактым, эр бактым, Алмамбетче болгон жок” деп каңырыгы жөн жерден түтөбөгөндүр. Тарыхта кыргыз элине, өлкөсүнө татыктуу эмгегин арнаган, өмүрүн курман эткен башка улуттун өкүлдөрү жүздөп саналат, биз алар менен да сыймыктанабыз.
Кыргыз эли башка этносторду сыйлап-урматтоонун жогорку маданияты менен айырмаланат. Ар кандай улуттун, диндин жана маданияттын өкүлдөрү менен тынчтыкта жашоо кыргыз коомунун бузулгус салтына эчак айланган. Элдин ынтымагын бузган жикчилдик, текебердик жана этностук эгоизм кыргыздын салттуу дүйнө таанымына каршы көрүнүш катары кабыл алынган, жектелген. Албетте, бул өзүнчө чоң тема…
Дегеле “кыргыз” этнониминин тегерегинде көптөгөн жылдардан бери окумуштуулар арасында тынымсыз талаш жүрүп келе жатат. Анын чечмелениши боюнча ондогон варианттар бар болгону менен, бирдиктүү бир пикирге келе элекпиз. Ошону менен бирге эле “кыргыз” аталышы эндоэтнонимби же экзоэтнонимби деп суроо салгандар барбы? Болсо, биринчи этнонимдин статусун аныктап албайлыбы, ооба, бул абдан оор суроо. Бирок өтө маанилүү, алгач ушул суроонун жообун аныктап алган соң гана кийинки кадамга барсак, балким туура болмок. Туура, биз изденүүдөбүз…
Сөздүн удулу келип калды, айта кетели. “Кыргыз” этнонимин чечмелөөдө көбүнчө “кырк” сөзүнүн тегерегинде эле жүрө берет. Айрым санжыра булактарында кыргыз эли 40 уруудан эмес, 72 уруудан тургандыгы же куралгандыгы да айтылат. Чындыгында эле жакшылап көңүл буруп карасаңыздар, ондогон уруулар, элдер алсырагандан же азайып кеткендигине байланыштуу күчтүү уруулардын курамына кирип, алардын туусун, ураанын, эң негизгиси уруулук аталышын моюнга алууга “милдеттендирилген”. Мындай учурлар кыргыз санжырасына өтө көп. Алсак: Жетиген – Кушчу уруусунда; Меркит – Төөлөс уурусунда; Уйсун – Кесек уруусунда, Алакчын, Катаган – Саруу уруусунда; Желдең – Бугу уруусунда жүрөт, мындай мисалдар ондоп саналат. Ошентип, бул маселени да башка өңүттөн кароо керек экендиги көрүнүп жатат. Булар эми уруулардын ичинде болуп жаткан биригүүлөр, ошол эле учурда кыргыз элинен таяныч, колдоо жана коргоо издеп келип, турук алып, жергиликтүү эл менен аралашып, бир туунун алдына биригип калган ондогон этностор да бар. Бул улуу эпосубузда Кан Манастын: “Кулалы таптап куш кылдым, Курама жыйнап эл кылдым” деген осуяты менен да ырасталып турат.
Демек, биз – эл деп айтканда, кандаш туугандарды эле эмес, бир туунун алдында, белгилүү бир аймакта бир мыйзам менен бирдей укукта жашап жаткан адамдардын тобун айтат экенбиз. Тагыраак айтканда, Кыргыз Республикасынын Конституциясы боюнча Кыргыз Республикасынын (Кыргызстан) жарандары, ал эми элдик аталышында Кыргыз эли деп аталат.
Ушул жерде тактай кетчү бир маселе бар. Совет доорунан бери Кыргызстанды “көп улуттуу өлкө” катары мүнөздөө түшүнүгү коомдук аң-сезимге бекем сиңип калган. Бүгүнкү күндө да мамлекеттик жана коомдук ишмерлер бул “түшүнүктү” өздөрүнүн риторикаларында байма-бай колдонуп жүрүшөт. Бирок түшүнүктөрдү так ажырата билүү зарыл. Кыргызстан – көп этностуу өлкө, башкача айтканда, кыргыздар менен катар башка этностор да жашаган мамлекет. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасы Конституцияда белгиленгендей, мамлекеттик түзүлүшү боюнча унитардык мамлекет жана биз баарыбыз – Кыргыз жараныбыз.
Жогорку ойду улай эле, адамзаттын тарыхы миңдеген элдердин тарыхынан турары баарыбызга белгилүү. Алардын айрымдары улуу жана кубаттуу мамлекеттерди куруп, дүйнөлүк илимге менен маданиятка аябагандай зор салым кошушту. Кайсы бирөөлөрү тарыхка күчтүү аскердик кубаты, баскынчылыгы жана жырткычтыгы менен терең из калтырды. Бирок тарыхтын да табигый мыйзамы бар: күчтүү, чоң жана көп болгон эле эл түбөлүк жашап калбайт. Айрымдары мезгилдин сыноосуна же өздөрү негиздеген, курган цивилизациянын шарданына туруштук бере албай, жер менен жексен болуп, аты сакталып, тарых барактарында гана эскерилип калган элдер да аз эмес.
Дал ушул өңүттөн алып караганда, кыргыз элинин тарыхы өзгөчө жана өзүнчө көңүл бурууга татыктуу. Анткени кыргыз эли миңдеген жылдар бою өзүнүн аталышын, тилин, этномаданий өзгөчөлүгүн жана мамлекеттүүлүк тарыхын, салтын жоготпой сактап келген саналуу байыркы элдердин бири. Бул жөн гана тарыхый кокустук эмес, ал – терең изилдөөнү талап кылган тарыхый феномен жана маданий көрүнүш.
Ар бир элдин тарыхый жолун анын саны, аскердик күчү же кубаттуу экономикасы гана аныктабайт. Элдин узак жашашынын башкы себеби – анын ички өзөгүнүн бекемдигинде болот. Тарыхый эс тутумун, дүйнөтаанымын жана нарк баалуулуктарын сактай алган эл гана замандын чакырыктарына туруштук берип, кандай доор, кандай азгырыктар болбосун өзүнүн улуттук жүзүн жоготпойт. Уңгужол кыргыз элинин тарыхын, анын өнүгүшүн мына ушул өңүттөн кароону сунуштайт.
Кыргыз элинин тарыхы көчмөн цивилизациянын тарыхы менен тыгыз байланышта өнүккөн. Көчмөн турмуш, көчмөн маданият жөн гана жашоо образы болгон эмес. Ал табият менен шайкеш жашоонун, эркиндикти барктоонун, жоопкерчиликти бөлүшүүнүн жана коомдук ынтымакты сактоонун өзгөчө маданиятын калыптандырган. Улуу тоонун жана табияттын катаал шарттарында жашоо коомдун ар бир мүчөсүнөн чыдамкайлыкты, кайраттуулукту жана эң негизгиси меймандостукту, айкөлдүктү, кечиримдүүлүктү талап кылган. Эркек менен аялдын ортосундагы жоопкерчилик-милдеттер так бөлүштүрүлгөн. Бул сапат-сыпаттар бара-бара кыргыз элинин улуттук мүнөзүнө жана жашоо философиясына айланган.
Жогорку философиянын негизинде кыргыз эли материалдык жана руханий маданияттын өзгөчө үлгүлөрүн жаратууга жетишкен. Боз үйдүн архитектурасы, улуттук кийим-кечелер, тамак-аштын түрлөрү жана аны даярдоонун, элге тартуунун маданияты, ат жабдыктар, согуштук курал-жарактар, музыкалык аспаптар, зер буюмдар, оюм-чийимдер, улуттук оюндар, чарбанын түрлөрү жана турмуш-тиричилик буюмдар, аларга арналган жөрөлгөлөр ондогон кылымдардын сыноосунан өткөн. Алардын ар бири адамдардын күнүмдүк муктаждыгын гана камсыз кылбастан, көчмөн жана жарым көчмөндөрдүн көркөм табитин, эстетикалык, этикалык ой жүгүртүүсүн жана табият менен шайкеш, тыгыз жашоонун маданиятын чагылдырган, даңазалаган.
Ооба, кыргыз цивилизациясынын өзгөчө сыймыгынын бири – бул кол өнөрчүлүк маданияты. Кыргыз усталары жаратылыштан алган чийки заттарды өзгөчө чеберчилик менен иштетип, көркөмдүгү менен пайдалуулугу айкалыштырылган көз жоосун алган азем буюмдарын жасашкан. Жыгаччылык, темир устачылык, чеп куруу, зергерчилик, чопочулук, көнчүлүк, сөөк, мүйүз иштетүү, шырдак жана ала кийиз жасоо, саймачылык, өрмөкчүлүк, килемчилик сыяктуу өнөрлөр жөн гана кесип эмес, улуттук эстетиканын, дүйнөтаанымдын жана муундан муунга таберик катары өтүп келген чыгармачылык маданияттын мектеби, борбору болгон.
Кыргыздардын колунан жаралган буюмдарга түшүрүлгөн оюулар жөн эле көркөм кооздук үчүн салынган эмес, ал оюулар ошол доордун коңур үнүн, аяны менен баянын, жеңиши менен жеңилишин, кубанычы менен кайгысын, жыргалы менен азабын түркүн түстүү боек менен чагылдырып турган. Атактуу орус окумуштуусу А.Н. Бернштам: “өзүнүн семантикалык мазмуну боюнча буга чейин белгилүү болгон кыргыз оймолорунун 3500 үлгүсү 500 000ден ашык саптан турган “Манас” эпосуна теңдеше алат деп айтууга болот. Оюу-орнамент да эпос сыяктуу эле ушунчалык зор жана масштабдуу руханий мурас болуп саналат”, – деп бекеринен белгилебегендир.
Албетте, кыргыз элинин руханий дүйнөсүнүн туу чокусу – “Манас” үчилтиги. Бул эпос көркөм чыгарма гана эмес, элдин тарыхый эс тутумунун, улуттук аң-сезиминин, дүйнөтаанымынын жана адеп-ахлактык баалуулуктарынын улуу энциклопедиясы. Улуу эпосто кыргыз элинин эркиндикке болгон умтулуусу, мекенчилдиги, биригүүгө карата жасаган аракети жана адамдык асыл сапаттары эң жогорку көркөм деңгээлде чагылдырылган.
Баарыбызга белгилүү болгондой, “Манастын” философиялык өзөгүн түзгөн эң башкы түшүнүгү – айкөлдүк. Айкөлдүк – кыргыз элинин түшүнүгүндө кең пейилдик же кечиримдүүлүк менен эле чектелбейт. Ал күч менен акылдын, эрдик менен кайрымдуулуктун, ар намыс менен кечиримдүүлүктүн, коомдук кызыкчылык менен жеке кызыкчылыктын, укук менен жоопкерчиликтин гармониялуу биримдиги. Айкөл адам өзүнө эмес, элдин келечегине, бийликке эмес, адилеттикке кызмат кылат, жеңишке жетүүгө эмес, тынчтыкка умтулат.
Айкөлдүк кыргыз элинин тарыхый мүнөзүн калыптандырган эң бийик адамдык асыл сапат. Эл башына оор күн түшкөндө, оомал-төкмөл заман болгондо кыргыздар дал ушул айкөлдүктүн тегерегинде биригип, мекенин, элин жана эркиндигин коргошкон. Ошондуктан айкөлдүк тарыхтын бир бүктөмүндө калган мурас же куру эле кыял эмес. Ал бүгүнкү күндө да адамгерчилик сапаттын эң бийик руханий сыпаты, кыргыз элинин дүйнөгө сунуш кыла турган адамзаттык идеалы.
Миңдеген жылдар бою Улуу Жибек жолун өзү жашаган аймактар аркылуу аралаткан кыргыз эли Чыгыш менен Батыштын көптөгөн маданий агымдары менен тыгыз байланышта жүрдү. Бирок башка маданияттардын жетишкендиктерин кабыл алганы менен, өзүнүн улуттук өзөгүн, жүзүн жоготкон жок. Башка маданияттарды да түп тамыры менен көчүрүп албады, аларды өздөштүрдү, ширелтти, кайра иштеп чыгып, өзүнүн маданий байлыгына айлантты.
Кыргыз элинин дагы бир күчтүү сапаты – анын өзгөрүлүүгө жөндөмдүүлүгү. Жарым көчмөн, көчмөн жашоо үлгүсү адамдарды дайыма жаңы шартка, катаал кырдаалдарга ылайыкташууга, табият менен эсептешип жашоого жана жаңы элдик билимдерди тез өздөштүрүүгө мажбур кылган. Бүгүнкү күндө ушул сапат аркылуу биздин эл илим-билимге, жаңы технологияга жана инновацияга ыңгайлашып, өнүгүүнүн негизги артыкчылыктарынын бири катары карап жаткандыгы кубандырбай койбойт.
Дүйнөлүк цивилизациянын тарыхы көрсөткөндөй, ар бир эл адамзатка өзүнүн өзгөчө руханий мурасын калтырат. Кыргыз элинин мындай салымы – айкөлдүккө, адилеттүүлүккө, ынтымак-биримдикке жана табият менен таттуу мамилеге негизделген дүйнөтааным. Бул баалуулуктар бүгүнкү күндө экологиялык, социалдык жана руханий кризистер күчөп турган мезгилде өзгөчө мааниге ээ болуп жаткандыгын баарыбыз эле түшүнүп турсак керек.
Ошондуктан кыргыз элинин келечеги өткөндү гана даңазалоо эмес, ата-бабалар жараткан руханий мурастарды заманбап илим, билим жана технология менен ширелиштирип изилдөө, сактоо жана андан ары өнүктүрүү. Ушундай жол аркылуу гана улуттук өзгөчөлүктөр сакталат жана дүйнөлүк өнүгүүгө татыктуу салым кошууга мүмкүнчүлүктөр жаралат.
Дал ушул баалуулуктар Уңгужолдун руханий өзөгү. Уңгу жол – бул өткөн чак менен келер чакты, улуттук нарк менен заманбап өнүгүүнү, жаран менен коомду, мамлекет менен адамзатты өз ара байланыштырган философиялык өнүгүү жолу. Кыргыз эли ушул жол менен өзүнүн тарыхый мүмкүнчүлүктөрүн толук ишке ашырып, дүйнөлүк цивилизациянын руханий өнүгүшүнө татыктуу салым кошот.
Жыйынтыктап айтканда, кыргыз эли – миңдеген жылдар бою тарыхтын эң оор сыноолорунан өтүп, өзүнүн улуттук жүзүн, мамлекеттүүлүк салтын, тилин, маданиятын жана руханий өзөгүн сактап келген кайталангыс эл.
Ал эми ата мурасы, эне табериги азыркы муунга алардан калган сыймык катары гана эмес, келечек алдында жоопкерчиликтүү экендиктерин да эске салып тура турган ыйык милдет.
Биз бул макалада Кыргыз элинин улуулугун даңазалаган айрым өзгөчөлүктөрүнүн бир азын гана чагылдырганга араң жетиштик, келечекте бул багыттагы изилдөөлөр, макалалар, “белге теппей, кыр ашыруучу” сүрөөлөр көп болоруна терең ишенимибиз бар.
Демек, кыргыз элинин ушул тарыхый тажрыйбаларын, улуттук нарктарын жана руханий тамырын жаңы доордун талабына ылайык өнүктүрүп, Кыргызстанды билимдүү, биримдиктүү, жаратман жана келечекке ишенимдүү мамлекетке айландыруу баарыбыздын ыйык парзыбыз экендигин унутпасак дегибиз келет.
Кыргыз Республикасынын
Президентинин
Администрациясынын
бөлүм башчысы О.Э. Капалбаев



