Башкы беткеМинистрлер кабинетиБишкекте «АгроТехЭкспо–2026» көргөзмөсү жана «Алтын күз» жарманкеси өтөт

Бишкекте «АгроТехЭкспо–2026» көргөзмөсү жана «Алтын күз» жарманкеси өтөт

Бишкекте 23–25-октябрь күндөрү «АгроТехЭкспо–2026» көргөзмөсү жана «Алтын күз» айыл чарба жарманкеси өткөрүлөт.

Иш-чараларды уюштурууга даярдык көрүү маселеси Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулунун төрагалыгы алдында өткөн «Кыргыз Агрохолдинг» ААКнын координациялык кеңешинин жыйынында талкууланды.

Аталган иш-чаралар ата мекендик фермерлерди колдоого, айыл чарба продукциясын өндүрүүнү жана кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө, инвестиция тартууга жана агроөнөр жай комплексинин туруктуулугун жогорулатууга багытталган.

Жыйында фермерлерди колдоо, мал чарбачылыгын өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо боюнча демилгелер да каралды.

Анын жыйынтыгында өлкөнүн түштүк аймактарына социалдык баалар менен 10 миң тонна минералдык жер семирткич жеткирүү жана Чүй облусунда эт кластерин түзүү долбоорлору жактырылды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар