Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстанда 1 500гө жакын ветеринарды бириктирген борбор түзүлөт

Кыргызстанда 1 500гө жакын ветеринарды бириктирген борбор түзүлөт

Кыргызстанда фермерлерди колдоо, мал чарбасын өнүктүрүү жана айыл чарбасына инвестиция тартуу боюнча бир катар демилгелер каралды. Бул маселелер «Кыргыз Агрохолдинг» ААКтын Координациялык кеңешинин жыйынында талкууланды. Жыйынга Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу төрагалык кылды. Бул тууралуу айыл чарба министрлиги билдирди.

Кеңеш түштүк аймактарга 10 миң тонна минералдык жер семирткичти жеңилдетилген баада жеткирүү боюнча пилоттук долбоорду жактырды. Долбоордун жалпы наркы 394,3 миллион сомду түзөт.

Ошондой эле Чүй облусунда эт кластерин түзүү демилгеси колдоого алынды. Долбоордун алкагында 2027-жылы 10 миң баш малды бордоп семиртүү пландалууда.

Жыйында фермерлерди асыл тукум кунаажындар менен камсыздоо жана аларды жылдык 3 пайыздык жеңилдетилген насыя менен сатып алуу маселелери да каралды. Мындан тышкары, «Мал-Аман» жана «Асыл тукум» борборлорун түзүү, Кытайдын өнөктөштөрү менен «Агрокомпа» биргелешкен ишканасын уюштуруу демилгелери талкууланды.

«Мал-Аман» борборуна алгач 1 500гө жакын ветеринардык дарыгерди бириктирүү пландалууда. Алар айлык маяна алып, малдарды эмдөө, кан үлгүлөрүн алуу жана башка мамлекеттик ветеринардык иштерди жүргүзүшөт. Ошондой эле калкка акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтө алышат.

Мындан сырткары, 23–25-октябрда Бишкекте өтө турган «АгроТехЭкспо–2026» көргөзмөсүнө жана «Алтын күз» айыл чарба жарманкесине даярдык маселелери каралды.

Аталган демилгелер фермерлерди колдоого, мал чарбасын жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө багытталган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар