Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстанга гипсокартон ташып келүүгө алты айга чектөө киргизилди

Кыргызстанга гипсокартон ташып келүүгө алты айга чектөө киргизилди

Кыргызстанга кагаз же картон менен капталган гипс плиталарды жана ушул сыяктуу буюмдарды ташып келүүгө алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Документке ылайык, чектөө ЕАЭБдин Тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнүн товардык номенклатурасынын 6809 11 000 0 коду менен классификацияланган буюмдарга тиешелүү. Тыюу токтом күчүнө киргенден үч күн өткөндөн кийин колдонула баштайт.

Чектөө төмөнкү товарларга жайылтылбайт:

Кыргызстан аркылуу бажылык транзит менен ташылган товарларга;

Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден ташылып келинген товарларга;

инвестициялык макулдашууларды жана мыйзамдуу күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында импорттолгон товарларга.

Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматына жана Мамлекеттик чек ара кызматына аталган товарлардын мыйзамсыз ташылып келинишине бөгөт коюу боюнча чараларды көрүү тапшырылды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар