Башкы беткеПрезидентСадыр Жапаров экинчи аял алгандарга кылмыш ишин козгоону тапшырды

Садыр Жапаров экинчи аял алгандарга кылмыш ишин козгоону тапшырды

Президент Садыр Жапаров экинчи аял алган эркектерге карата мыйзам чегинде чара көрүлүшү керектигин билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчы Баткен шаарында жергиликтүү тургундар менен жолугушууда айтты.

Жолугушууда жергиликтүү тургундардын бири күйөөсү экинчи аял алып, өзүн балдары менен үй-жайсыз калтырып жатканын айтып, жардам сураган.

Буга жооп берген президент эркектерди үй-бүлөсү жана балдары үчүн жоопкерчиликтүү болууга чакырды. Ошондой эле прокуратурага жана укук коргоо органдарына бул маселеге көңүл буруп, тиешелүү чараларды көрүүнү тапшырды.

Кыргызстанда мыйзамдуу нике бир гана адам менен түзүлөт. Кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык, эки же андан көп аял менен бирге жашоо үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Мындай аракет үчүн 50 миңден 100 миң сомго чейин айып пул же мыйзамда белгиленген башка жаза колдонулушу мүмкүн.

Буга чейин да Кыргызстанда күйөөсүнүн экинчи аял алышына байланыштуу укуктары бузулганын айтып, даттанган аялдар болгон.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар