Кыргыз-казак чек арасынын калыптанышына жана эки элдин ортосундагы тынчтыкты сактоого салым кошкон тарыхый инсан Түлөберди Жамансарт уулуна (Түлеберди баатыр) арналган илимий конференция өткөрүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Чүй облусунун 100 жылдыгына арналган мааракеде белгилеген.
Түлөберди Жамансарт уулу кыргыз-казак чек арасын ажыратуу маселелеринде чечендиги, калыстыгы жана дипломатиялык жөндөмү менен айырмаланган инсан катары эскерилет. Тарыхый маалыматтарда анын жаш курагына карабастан эки элдин башчыларынын ишенимине ээ болуп, ортодогу ынтымакты жана тынчтыкты сактоого салым кошкону айтылат.
Тарыхчылардын маалыматында азыркы Кыргызстандын чек арасынын калыптанышына таасир эткен маанилүү тарыхый окуялардын бири XVIII кылымдын орто ченинде Жуңгар хандыгынын жоюлушу болгон. Бул окуядан кийин аймактагы саясий кырдаал өзгөрүп, кыргыз жана казак урууларынын жайгашуусуна, жер талаштарына жана жаңы конуштардын өздөштүрүлүшүнө шарт түзүлгөн.
Бул маалыматтар кыргыз-казак чек арасынын калыптанышына байланыштуу окуяларды жана ошол доордогу саясий кырдаалды түшүнүүгө жардам берип, Түлөберди Жамансарт уулунун тарыхтагы орду эки элдин ортосундагы мамилелерди жөнгө салуу жана чек ара маселелерин чечүүдө зор салым кошконун билдирет.
Бирок, бул жааттагы илимий маалыматтар жетиштүү болбогондугунан кайрадан ар тараптуу илимий жактан изилдөөнү талап кылаарын тарыхчылар белгилешет.



