Башкы беткеМинистрлер кабинетиАраван районунда Караван – Төө-Моюн жолунун 7 чакырымына асфальт төшөлүүдө

Араван районунда Караван – Төө-Моюн жолунун 7 чакырымына асфальт төшөлүүдө

Ош облусунун Араван районундагы Караван – Төө-Моюн автожолун оңдоо иштери жүрүп жатат. Жалпы узундугу 28 чакырымды түзгөн жолдун 7 чакырымына асфальт төшөө пландалган.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда асфальт төшөлө турган тилкеде жер жумуштары толук аяктап, жолго асфальт төшөө иштери жүргүзүлүүдө.

Оңдоо иштерине үч каток, бир асфальт төшөөчү техника, бир автогрейдер, эки суу ташуучу унаа, 40 автосамосвал жана 10 кызматкер тартылган.

Жолду оңдоо аймактагы транспорттук каттамдарды жакшыртууга жана жол кыймылына ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган. Иштерди №44 Жол тейлөө мекемеси аткарууда.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар