Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесине карата «Кыялымдагы Кыргызстан – Чүй» жаштар форуму өткөрүлдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалматка ылайык, форумдун жүрүшүндө министрдин орун басары Союзбек Надырбеков жаштардын өлкөнүн өнүгүүсүндөгү маанилүү ролун белгилеп, сапаттуу билим алуу, жөндөмдөрдү өнүктүрүү, жаңы демилгелерди көтөрүү жана коомдук турмушка активдүү катышуу зарылдыгына токтолду.
Ошондой эле ал жаштарды бийик максаттарды коюуга, демилгелүү болууга жана өз идеяларын ишке ашыруу аркылуу Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошууга чакырды.
Форум жаштардын идеялары менен демилгелерин талкуулоого, келечекке болгон көз караштарын бөлүшүүгө жана өлкөнүн өнүгүүсүнө байланыштуу сунуштарын айтууга аянтча түздү.



