Кыргызстан 30-сентябрдан 7-октябрга чейин Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) эксперттери жүргүзгөн текшерүүдөн олуттуу сын-пикирлерсиз өттү. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги билдирди.
Миссиянын жүрүшүндө эл аралык эксперттер өлкөдөгү учуулардын коопсуздугуна мамлекеттик көзөмөл жүргүзүү системасынын натыйжалуулугун жана аны жакшыртуу боюнча аткарылган иштерди баалашты.
Агенттиктин маалыматына ылайык, текшерүүнүн жыйынтыгы Кыргызстанда авиациялык коопсуздукту камсыздоо системасын өнүктүрүү багытындагы иштердин натыйжалуулугун жана эл аралык стандарттарды сактоо боюнча жүргүзүлүп жаткан аракеттерди тастыктады.
Мекеме миссиянын ийгиликтүү аякташы өлкөнүн авиация тармагындагы жетишкендиктердин туруктуулугун жана эл аралык авиация коомчулугунун ишенимин бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.



