Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Нарын облусунун Жумгал районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Жаныбек Исаков өз каалоосу менен ээлеген кызматынан бошотулду.
Ошол эле учурда Исматилла Маматов Жумгал районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким болуп дайындалды.
Тиешелүү тескемелер Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70 жана 71-беренелерине, ошондой эле «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамдын 8-беренесине ылайык кабыл алынган.



