Башкы беткеПрезидентПрезидент: «Менин үйүм» - өлкөнүн социалдык өнүгүүсүндөгү артыкчылыктуу багыт

Президент: «Менин үйүм» – өлкөнүн социалдык өнүгүүсүндөгү артыкчылыктуу багыт

Жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу өлкөнүн социалдык өнүгүүсүндөгү артыкчылыктуу багыт. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров Бишкектеги “Мурас” турак жай комплексинин батирлерин тапшыруу аземинде билдирди.

Анын айтымында, көптөгөн жарандар үй куруу үчүн жер тилкесин издеп, курулуш материалдарын чогултуп же каражат табуу максатында чет өлкөлөргө иштегени кетүүгө аргасыз болуп келишкен. Алардын көбү мамлекеттен турак жай маселесин чечүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүнүп келишкен.

Мамлекет башчысы белгилегендей, бул суроо-талапты эске алуу менен «Менин үйүм» мамлекеттик программасынын алкагында иштер активдүү жүргүзүлүүдө.

«Өз үйү бар үй-бүлөнүн эртеңки күнгө ишеними бекем болот. Мындай ишеним сергек коомду калыптандырып, келечек муундун коопсуз, таалим-тарбиялуу жана билимдүү болуп өсүшүнө шарт түзөт», — деди Президент.

Ошондой эле ал программа мугалимдерди, дарыгерлерди, маданият ишмерлерин жана башка тажрыйбалуу адистерди өлкөдө кармап калууга өбөлгө түзөрүн белгиледи. Анын пикиринде, турак жайы бар адистер башка көйгөйлөргө алаксыбай, билимин жана күчүн коомго, мамлекетке жумшай алышат.

Мындан тышкары, жаңы турак жайлардын курулушу курулуш тармагын гана эмес, ага байланышкан ички өндүрүш тармактарын да өнүктүрүп, миңдеген жумуш орундарын түзүүдө.

Садыр Жапаров «Менин үйүм» программасынын алкагында карапайым жарандарды, бюджеттик мекемелердин кызматкерлерин жана жаш үй-бүлөлөрдү жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу иштери мындан ары да улантыларын кошумчалады.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар