Башкы беткеПрезидентСадыр Жапаров Арменияда COP17 саммитинин ачылыш аземине катышты

Садыр Жапаров Арменияда COP17 саммитинин ачылыш аземине катышты

Садыр Жапаров бүгүн, 15-октябрда, Армения Республикасынын Ереван шаарында БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын тараптарынын 17-конференциясынын (COP17) алкагында өткөн Лидерлер саммитинин расмий ачылыш аземине катышты.

Иш-чара өтө турган жерге келгенде, Мамлекет башчысын Армения Республикасынын Президенти Ваагн Хачатурян жана Премьер-министри Никол Пашинян тосуп алышты.

Расмий аземдин жүрүшүндө мамлекеттердин жана өкмөттөрдүн башчыларына театралдаштырылган көрсөтүү тартууланды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар