Ош шаарында жана ага чектеш аймактардагы калктуу конуштарда 16-октябрда саат 10:00дөн 17-октябрда саат 08:00гө чейин жаратылыш газы берилбейт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
«Ошгаз» филиалынын маалыматына ылайык, газ берүү Өзбекстандын аймагындагы магистралдык газ түтүгүндө жүргүзүлө турган оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат.
Мэрия тургундарды убактылуу ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алып, коопсуздук эрежелерин сактоого чакырды.



