Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн картошка алып келүүгө алты айлык мөөнөткө тыюу салынды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Чектөө буга чейин жөнөтүлгөн жана Кыргызстандын аймагы аркылуу транзит менен өтүп жаткан картошкага жайылтылбайт.
Сентябрдын аягында өкмөт жергиликтүү дыйкандарга картошкасын сатууга шарт түзүү үчүн импортко убактылуу чектөө киргизүүнү сунуштаган.
Анда түшүм жыйноо маалында чет өлкөдөн картошка көп ташылып келсе, ички рынокто сунуш көбөйүп, баа төмөндөшү мүмкүн экени белгиленген. Мындай жагдай жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн түшүмүн сатууда кыйынчылык жаратышы ыктымал.



