Башкы беткеКоомЖалал-Абадда жер титиреди

Жалал-Абадда жер титиреди

Бүгүн, саат 10:10до Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту маалымдады.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Ат-Ойнок кырка тоосунда, Алмалуу айылынан 15 чакырым түштүк-чыгышта, Кара-Көл шаарынан 28 чакырым түндүк-батышта жана Токтогул районунан 42 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү Ит-Сай, Алмалуу жана Кырк-Казык айылдарында 2 баллга чейин сезилген.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар