Башкы беткеКоомБаткенде кыргыз-тажик чек арасына толук зым тосмо тартылды

Баткенде кыргыз-тажик чек арасына толук зым тосмо тартылды

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын Баткен облусундагы бөлүгүнө зым тосмо тартуу иштери толугу менен аяктады.

Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, жалпы узундугу 327,7 чакырым болгон чек ара тилкесине мамылар орнотулуп, зым тосмо тартылды.

Мындан тышкары, инженердик иштердин алкагында 338,5 чакырым жол салынды.

Бул иштерге Чек ара кызматынын, Коргоо министрлигинин, Бажы кызматынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тартылган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар