20-октябрда саат 10:00дөн 17:00гө чейин Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.
«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасынан билдиришкендей, чектөө Осмонкул көчөсүнүн Огонбаев көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгүндө болот.
Суу бурама тээкти алмаштыруу иштерине байланыштуу өчүрүлөт. Чектөө турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык, өнөр жай объектилерине тиешелүү.
Ишкана жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, тургундарды жана уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырат.
Пландуу жана авариялык өчүрүүлөр тууралуу билдирмелерди алуу үчүн «Менин шаарым» тиркемесин колдонсо болот.



