Башкы беткеКоомБишкекте Bishkek Snow Leopard Run жарышына 25тен ашуун өлкөдөн 6 миңге жакын...

Бишкекте Bishkek Snow Leopard Run жарышына 25тен ашуун өлкөдөн 6 миңге жакын адам катышты

18-октябрда «Манас» эл аралык аэропортунун аймагында Bishkek Snow Leopard Run жарышы жетинчи жолу өттү. Ага дүйнөнүн 25тен ашуун өлкөсүнөн 6 миңге жакын адам катышты.

Быйылкы жарыштын өзгөчөлүгү — Бишкекте биринчи жолу 42,2 чакырымдык марафондук аралык уюштурулду. Катышуучулар 5, 14, 21,1 жана 42,2 чакырым аралыкка чуркашты. Ал эми 5 чакырымдык жарыш залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналды.

Иш-чаранын ачылышында Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рахат Мусаева сөз сүйлөп, спорт адамды тартипке, жоопкерчиликке жана алдыга койгон максаттарына умтулууга үйрөтөрүн белгиледи. Ошондой эле спорт менен жаратылышты коргоону айкалыштыруунун маанисине токтолду.

Жарыштын эң улуу катышуучусу 80 жаштагы Виктор Тюменцев 14 чакырым аралыкты ийгиликтүү басып өттү. Иш-чарага Бишкек мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери да катышты. Бардык катышуучуларга эстелик медалдар тапшырылды.

Bishkek Snow Leopard Run спортту жайылтуу менен бирге ак илбирсти жана анын жашоо чөйрөсүн коргоого багытталган. Жыл сайын старттык төлөмдөрдүн бир бөлүгү жаратылышты коргоо программаларын колдоого жумшалат.

 

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар