Башкы беткеКоомОшто эски базардын ордуна эс алуу багы курулат

Ошто эски базардын ордуна эс алуу багы курулат

Ош шаарында эски борбордук базар жайгашкан бир чакырымга жакын аймакты көрктөндүрүп, заманбап эс алуу жайына айландыруу иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Бүгүн шаар мэри Жанарбек Акаев жаңы эс алуу жайынын долбоорун коомчулукка тааныштырды.

Долбоорго ылайык, аймакка жашыл бак тигилип, шаар тургундары жана коноктору үчүн сейилдөөгө, эс алууга шарт түзүлөт. Ошондой эле Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги 50 метрлик суу коргоо тилкеси сакталат жана дарыянын жээгин тазалоо иштери улантылат.

Мындан тышкары, байыркы Оштун архитектурасын, тарыхын, маданий мурасын жана улуттук баалуулуктарын чагылдырган туристтик шаарча куруу пландалууда.

Жаңы эс алуу багын келерки жылдын май айында ачуу белгиленген.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар