Бүгүн, 20-октябрда Бишкектеги фонтандар быйылкы сезонду жыйынтыктайт. Эми аларды кышка даярдоо иштери башталат.
«Тазалык» муниципалдык ишканасынан билдиришкендей, адистер фонтан бассейндериндеги сууну агызып, тазалашат. Ошондой эле электр насостору менен суу чачыратуучу түтүктөр алынат. Жарык берүүчү чырактар да тазаланат.
Быйыл Кыргыз улуттук филармониясынын түндүк жана борбордук бөлүктөрүндөгү, Жаштар аллеясындагы, Баатырлар аллеясындагы, «Аска-Таш» комплексиндеги жана Улуттук тарых музейинин жанындагы фонтандарда иштер аяктады. Карагач токоюндагы иштер жыйынтыкталууда. Ал эми Тарых музейинин жанындагы борбордук фонтанда реконструкция иштери башталды.
Мындан тышкары, «25 чөйчөк» фонтанынын долбоору боюнча сметалык документтер бекитүүгө жөнөтүлдү.
Фонтандарды кышка даярдоо иштери октябрдын аягына чейин аяктайт. Андан кийин насостор, электр кыймылдаткычтары, суу түтүктөрү жана электр калкандары оңдолуп, жапкыч арматуралар алмаштырылат.
Белгилей кетсек, «Тазалык» муниципалдык ишканасынын балансында жалпысынан 17 фонтан комплекси бар.



