Башкы беткеКоомОшто эт-сүт азыктарын өндүрүүчү агроөнөр жай комплекси курулат

Ошто эт-сүт азыктарын өндүрүүчү агроөнөр жай комплекси курулат

Ош шаарында 69,76 гектар аянтты ээлеген агроөнөр жай комплексин куруу пландалууда. Долбоордун алкагында эт-сүт багытындагы мал чарба фермалары жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү ишканалар жайгашат.

Комплекс 18 лотко бөлүнүп, жер тилкелери фермердик чарбаларга жана ишкерлерге ижарага берилет.

Долбоор ишке ашса, 980ден ашык адам туруктуу жумуш орду менен камсыз болот. Комплексти ишке киргизүү үчүн 1 миллиард сомдон ашык инвестиция тартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Мындан тышкары, Ош мэриясы «Коңур-Жаз» участогунда көлөмү 20 миң куб метр болгон суу кампасын куруп жатат. Ал пайдаланууга берилгенден кийин агроөнөр жай комплекси менен бирге 400 гектар кайрак жерди сугат жерине айландырууга шарт түзүлөт. Бул мал чарбасына керектүү тоют маселесин чечүүгө жардам берет.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар