21-октябрдан тартып Бишкекте №31 жаңы автобус каттамы жүргүнчүлөрдү тейлей баштайт.
Маалыматка ылайык, автобустар «Ак-Жар» конушунан Ибраимов көчөсүнө чейин каттайт. Каттамга күн сайын 7–8 автобус чыгат.
Жаңы каттам шаар тургундарынын коомдук транспорт менен жүрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө жана жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган.



