Башкы беткеКоомОрозо айынын болжолдуу күнү айтылды

Орозо айынын болжолдуу күнү айтылды

Кыргызстанда ыйык Орозо айы 2027-жылдын 8-февралында башталышы күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (Муфтият) билдирген. Орозонун так баштала турган күнү Рамазан айына жакын калганда расмий жарыяланат.

Буга чейин Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгы 2027-жылга карата диний даталардын алдын ала календарын жарыялаган. Ага ылайык, Орозо 8-февралда башталып, Кадыр түн 5-марттан 6-мартка караган түнгө туура келери болжолдонууда. Ал эми Орозо айт 9-мартка белгиленген. Курман айт майрамы болсо 16-майдан 18-майга чейинки күндөргө туура келери көрсөтүлгөн.

Акыркы жети жыл ичинде Кыргызстан менен Казакстанда Орозо айынын башталыш даталары дал келип келген. 2027-жылы да эки өлкөдө ыйык ай бир күндө башталышы мүмкүн.

Ошол эле учурда диний даталар айдын жаңырышына жана астрономиялык эсептөөлөргө байланыштуу болгондуктан, Кыргызстанда Орозонун башталышы жана башка диний майрамдардын так күндөрү Муфтият тарабынан расмий түрдө кошумча жарыяланат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар