Башкы беткеПрезидентАманат стратагемасын ЮНЕСКО да колдойт

Аманат стратагемасын ЮНЕСКО да колдойт

Бакуда өткөн COP17 саммитинин аянтында Президент Садыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуп, билим берүү, илим, маданият, жаштар саясаты жана санариптик технологиялар тармактарындагы кызматташтыкты чыңдоонун келечегин, ошондой эле тарыхый жана жаратылыш мурастарын сактоо маселелерин талкуулады.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын ЮНЕСКО менен кызматташуусунун маанилүүлүгүнө өзгөчө токтолуп, өлкө 2025-2029-жылдарга Уюмдун Аткаруу кеңешине шайланганын белгиледи.

2027-жылдын 21-23-октябрында Бишкек шаарында өтө турган “Бишкек+25” экинчи глобалдык тоо саммитине даярдык көрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Мамлекет башчысы ЮНЕСКОнун башкы директорун тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү жаатындагы эл аралык кызматташтыкты чыңдоого багытталган Саммитке катышууга чакырды.

Мындан тышкары, Президент Ысык-Көлдүн экосистемасын сактоо үчүн БУУнун колдоосу астында эл аралык трасттык фонд түзүү боюнча Кыргызстандын демилгесин ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу айтып берди. Ал ЮНЕСКО тарабынан эксперттик колдоо табыларына, ошондой эле бул демилгени ишке ашырууга эл аралык өнөктөштөрдү тартууга көмөк көрсөтүлөрүнө ишеним артты.

ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани Президент Садыр Жапаровдун COP17 саммитиндеги биологиялык ар түрдүүлүктү жана жаратылыш мурастарын сактоо маселелерине арналган демилгелерин, айрыкча табиятка аманат сымал аяр мамиле керек деген идеяны мамлекеттер үчүн өтө маанилүү стратагема катары жогору баалады. ЮНЕСКОнун жетекчиси Кыргызстандын көчмөн маданиятын сактоого жана жайылтууга кошкон салымын өзгөчө белгилеп, аны эл аралык деңгээлде таанытууга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин айтып, Кыргызстан менен академиялык, билим берүү жана маданият тармактарындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын, өлкөнүн демилгелерин колдоого даярдыгын тастыктады.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар