Башкы беткеМаданиятТрабзондо ТҮРКСОЙдун III Жаштар жолугушуусу жыйынтыкталды

Трабзондо ТҮРКСОЙдун III Жаштар жолугушуусу жыйынтыкталды

Түркиянын Трабзон шаарында 17–21-октябрь күндөрү өткөн ТҮРКСОЙдун III Жаштар жолугушуусуна 21 өлкөдөн келген жаштар катышып, маданият, илим, искусство жана заманбап технологиялар жаатында пикир алмашышты.

Эл аралык иш-чара Эл аралык түрк маданияты уюму (ТҮРКСОЙ) менен Трабзон шаарынын мэриясынын биргелешкен демилгеси менен уюштурулду. Анын негизги максаты — түрк дүйнөсүнүн жаштарынын ортосундагы достукту жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөө, маданий байланыштарды кеңейтүү жана биргелешкен долбоорлорго жол ачуу.

Форумдун расмий ачылыш аземи 19-октябрда Хамамизаде Ихсан Бей атындагы маданият жана искусство борборунда өттү. Ага Трабзон облусунун губернатору Тахир Шахин, Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казакбаев, Трабзон шаарынын мэри Ахмет Метин Генч, ТҮРКСОЙдун Башкы катчысынын орун басары Саит Юсуф, Кыргыз Республикасынын ТҮРКСОЙдогу өкүлү Марат Тагаев, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн өкүлдөрү, илимий чөйрөнүн адистери жана жаштар делегациялары катышты.

Катышуучулар орток тарыхый мурастарды сактоо, улуттук маданияттарды келечек муундарга жеткирүү жана жасалма интеллект доорунда түрк дүйнөсүнүн маданий эс тутумун коргоо боюнча пикирлерин бөлүшүштү.

Жолугушуунун алкагында Түркиянын футбол боюнча улуттук курама командасынын мурдагы башкы машыктыруучусу Шенол Гүнеш менен баарлашуу уюштурулду. Ал жаштар менен өзүнүн турмуштук жана кесиптик тажрыйбасын бөлүшүп, ийгиликке жетүүдө эмгекчилдиктин, туруктуулуктун жана өз күчүнө ишенүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле «Эркин трибуна» аянтчасында жаштар маданият, медиа, тынчтык жана технология багыттарындагы идеяларын жана долбоорлорун сунушташты. Маданий кечелер жана жаш өнөрпоздордун концерти катышуучулардын өз ара таанышуусуна, чыгармачылык байланыштарды түзүүсүнө жана достук мамилелерин чыңдоосуна өбөлгө түздү.

Иш-чаранын маданий программасынын алкагында делегациялар Трабзондун тарыхый жана туристтик жайларын кыдырышты. Алар Сүмела монастыры, Айя-София мечити, Ататүрк үй-музейи, чай өндүрүүчү фабрика жана Дурсун Али Инан музейи менен таанышып, ошондой эле Узунгөл аймагына барышты.

Беш күнгө созулган III Жаштар жолугушуусу 21-октябрда жыйынтыкталды. Катышуучулар эл аралык тажрыйба алмашып, жаңы байланыштарды түзүү жана келечектеги биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу үчүн мүмкүнчүлүк алышты.

Белгилей кетсек, ТҮРКСОЙдун I Жаштар жолугушуусу Казакстандын Алматы шаарында, II жолугушуусу Кыргызстандын Бишкек шаарында өткөн. Быйылкы III Жаштар жолугушуусунун Трабзондо уюштурулушу түрк дүйнөсүнүн жаштарынын кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган демилгенин улантылышы болду.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар