Кыргызстанда аялдардын эмчек рагын эрте аныктоо максатында өлкө боюнча 13 маммограф орнотулат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурбек Букуев билдирди.
Министрдин айтымында, диагностикалык жабдууларды сатып алуу ооруларды алгачкы баскычында аныктоо жана медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу максатын көздөйт.
Ошондой эле JICA уюмунун жана депутаттардын колдоосу менен Улуттук онкология жана гематология борборуна эки жаңы маммограф орнотуу пландалууда.
«Оорулар жашарып жатат. Ошондуктан коңгуроо кагып, диагностикалык жабдууларды сатып алып жатабыз. Мындан тышкары, республика боюнча Саламаттык сактоо министрлиги 13 маммограф орнотот», — деди Нурбек Букуев.
Кыргызстанда октябрь айы эмчек рагы тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу айы катары белгиленет. Адистер ооруну эрте аныктоо дарылоонун натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөрүн белгилешет.
Ошол эле учурда аймактарда маммографиялык жабдуулардын жетишсиздиги жана скринингдин жеткиликтүүлүгүндөгү көйгөйлөр ооруну өз убагында аныктоого тоскоол болуп келет.
Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда рак илдети менен 35 миңден ашуун адам каттоодо турат. Аялдар арасында эмчек рагы кеңири тараган онкологиялык оорулардын бири болуп саналат. Жыл сайын бул дарт менен 800дөн ашуун аял медициналык жардамга кайрылат. Алардын көбү оорунун кеч баскычтарында дарыгерлерге кайрылары айтылат.
2024-жылы Кыргызстанда эмчек рагынан 273 аял каза болгон.
Жаңы маммографтардын орнотулушу аялдардын текшерүүдөн өтүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, эмчек рагын эрте аныктоого жардам берери күтүлүүдө.



